Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, 5-февралда маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, учурдагы болуп жаткан конституциялык реформанын алкагында прокуратура органдарына тергөө бериле турган болсо, “биз сөзсүз түрдө Дача-Суу, Түштүк-Түндүк алтернативдүү жол, Ысык-Көлдөгү атмайдан, Датка-Кемин электр берүүсү жана башка ушуга окшогон 10 чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштерин, логикалык жыйынтыгына алып келебиз” деп билдирди.
Булак: Кабар