"5,6 миң сомго жашаса болот", - дегендер элдин турмушун жакындан билбегендер болсо керек.

Ал эми карапайым элибиздин көпчүлүгү ушул акчага "өлбөстүн күнүн көрүп", кантип "жашап" жатканын көрүп жүрөбүз.

Кечээ АКИпресстен бир статистикалык маалыматты окудум эле, бүгүн таппай калдым. Ал маалымат боюнча, Кыргызстанда 5-12-миң сом өлчөмүндө эмгек акы алгандардын саны 30% түзөт экен, ал эми 12-18 миң сом алгандардын саны да 30%ке жакындайт. Демек элибиздин көпчүлүгү ушул акчага жашашат. Алар негизинен бюджеттик кызматкерлер.

Ал эми карыяларыбыздын негизги бөлүгү 5 миңдин тегерегинде пенсия алышат. Ал болор-болбос акчаны да өздөрүнө толук жумшай алышпайт, неберелерин багышат.

Көп эле көрүп жүрөм, эне-аталарынын пенсиясы тийсе "ун,май алабыз", мектепте окушкан неберелери "китеп-дептер алабыз" дешип күтүшкөнүн. Анткени, үй ээси болгон уул-келини же жумушсуз, же жарыбаган айлыкка иштешет.

Ошондуктан, Кыргызстанда көпчүлүк элдин карылыгы - бул жакыр жашоо, оору-сыркоо, кыжаалатчылык.

Эл үчун иштейбиз деп ант бергендер элибиздин ушул катмарынын турмушун жакшыртууга, айрыкча, көңүл бурушса экен.

Зинакан Пасанова, жазуучу, акын