Депутат Осмон Турдумамбетов Токтогул районундагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, Өзгөрүш айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү менен Арал, Торкен айылындагы мектептердин имаратын жаңылоо зарылчылыгын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды. 

"Толук, Чоң-Арык айылдарында бала бакчалар жок. Бирок аларды салбасаңар да курулушу башталып калган мекемелерди бүткөрүп бергиле", - деди депутат Осмон Турдумамбетов.

Депутат Айгерим Бешимбаева Сокулук районундагы Военно-Антоновкадагы мектеп 10 жылдан бери бүткөрүлбөй келе жатканы тургундар үчүн оорчулук туудуруп жатканын айтып: "Окуучулар эски мектепте 4 сменада окутулуп жатат. Андыктан, 1-сентябрга карата жаңы окуу имаратын ишке киргизүү керек", - деди.

Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районуна караштуу Бел-Терек айылындагы мектептин, Жаш-Ленин атындагы бала бакчанын имараттарынын курулушун аягына чыгарууну талап кылды.