Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, эртеби-кечпи дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адам өсмө (рак) илдетине чалдыгат. Ар бир сегизинчи эркек жана ар бир 11-аял ушул оорудан көз жумат. Өсмө илдетинен каза болгондордун 70 пайызын жакыр өлкөлөрдүн жашоочулары түзөт.
2020-жылдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 27 миң адам залалдуу шишик менен каттоодо турат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин айтымында, 2020-жылы 19,3 миллион адам рак илдетине чалдыгып, андан 10 миллион киши каза болгон.
Уюм бул дарт балдар жана өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн негизги себептеринин бири экенин, жыл сайын 400 миң баладан өсмө аныкталарын билдирди.
Булак: Элгезит