Депутат Рыскелди Момбеков транспорт министри болуп автожол жаатындагы кесиптин ээси эмес адамдын сунушталышына таң калды. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында, жаңы өкмөт курамы каралып жаткан учурда билдирди. 

"Транспорт министрлигине сунушталган Гүлмира Абдралиевага эки-үч ай иштеп, өзүн көрсөткөнгө убакыт берели. Ал өзүнүн менеджерлик жөндөмүн көрсөтсүн", - деди. 

Белгилей кетсек, аталган болочок министр Бишкектеги Разаков атындагы КТУну "тигилген кийимдерди долбоорлоо технологиясы" адистиги боюнча аяктаган.