Улукбек Мариповдун айтымында, Кыргызстанга жаңы заманбап инфраструктура керек.
"Мамлекеттик башкаруу системасы натыйжасыз ищ алып барып жатканына баарыбыз күбөбүз. Мамлекетке заманбап инфраструктура зарыл. Азыр биз эски башкаруу системасын жаңылап жатабыз, алдыда өтө көп иштер бар. Өкмөт мүчөлөрүнүн 16 адамга чейин кыскарышы конституциялык реформага байланыштуу. Мамлекеттик кызматтарды оптимизациялаштыруу керек", - деди ал Жогорку Кеңештин жыйынында.
Эске салсак, бүгүн депутаттар жаңы өкмөт курамынын программасын угуп жатат.
Депутат Жанарбек Акаев кыскартуу реформа эмес экенин белгилеп: "Текшерүү органдарын азайтып, бюрократияны жойгонубузда гана Өкмөткө карата элдин ишеними артат", - деди.
Ал эми депутат Рада Туманбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Социалдык коргоо министрлигин кошуу маселеси түшүнүксүз болуп жатканын белгиледи. Улукбек Марипов мындай тажрыйба Россия Федерациясында да болгонун жүйө келтирип: "Эки министрликтин кошулушунда кызмат көрсөтүүлөр эч кандай тоскоолдукка учурабайт", - деп жооп берди.