КР өкмөт башчылыгына сунушталып жаткан Улукбек Марипов бир катар көйгөйлөрдү санады. Эске салсак, бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.
"Алдыбызда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелери турат. Андыктан, аталган багыттарда жигердүү иш алып барууга даярбыз", - деди Марипов.
Депутат Абдыбек Дюшалиев Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун учурдагы абалы тууралуу сурады.
"Долбоордун бүтүшү бир аз создуктурулуп кетти. Учурда туннель маселесине байланыштуу мүчүлүштүктөр болуп жатканы айтылууда. Маселени тактап чыгабыз", - деди Марипов.