Бишкек шаарындагы билим берүү окуу жайларынын бири кызмат көрсөтүү жолу менен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз келүүлөрү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурушуп, мамлекеттик органдарга жалган маалыматты беришип, Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузушкан. Анын натыйжасында оор кылмыш жасалып (банкты тоноого) жана оор кесепеттерге алып келген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 122-беренеси (Тышкы миграцияны мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып, ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүүдө.

Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, 2020-жыл үчүн республиканын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык чет өлкөлүк студенттер окууда.

Балким, аталбаган жогорку окуу жайы чет өлкөлүк студенттерди кылмыш жасасын деп алардын өлкөбүздүн аймагына келүүсүн уюштурган эместир. Андыктан бул ошол окуу жайдын кадыр-баркына жана имиджине доо кетирбеш керек. Ал эми чет элдик студент тарабынан жасалган кылмыш катардагы эле жоруктардын бири катары каралганы оң болмок. Эгер өлкө аймагына келүүсүнө берилген уруксат да өзүнчө каралууга тийиш.

Булак: “Майдан. kg” гезити