Премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Улукбек Марипов Тилек Токтогазиевдин өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин журналисттерге билдирди.
“Тилек Токтогазиев дасыккан кадр. Аны эске алабыз. Ал боюнча оюм жаман эмес, анын тажрыйбасын сөзсүз колдонобуз. Өзү менен кеңешейин, ал менен жолуга элекмин”, – деди ал.
Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөн. Бүгүн сунуштар Жогорку Кеңештин жыйынында берилип, каралды.
Ал эми Өкмөттүн жаңы курамына Тилек Токтогазиев кошулган эмес.
Булак: Элгезит