Биринчи май райондук соту Курсан Асановдун бөгөт чарасын 28-январда карап чыгып, ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алынды.

Курсан Асанов Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын №1 тергөө абагында кармала турган болду.

Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.

Генерал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Булак: Элгезит