Ѳлкѳбүздүн кайсы тармагын албайлы, коррупция тамырын кенен жайып алгандыгы жашыруун эмес. Анын ичинде курулуш тармагы да бар. Аталган тармактагы мыйзамсыз, коррупциялык иш-аракеттерден улам ѳлкѳбүздүн борбор калаасында мыйзамсыз, техникалык ж.б. талап-нормаларга жооп бербеген курулуш иштери жүргүзүлүп келаткандыгы белгилүү. Бул маселе Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан нечен ирет кѳтѳрүлүп, козголсо да жѳнгѳ салынып, тартипке келтириле элек.
УКМКнын Антикоррупциялык кызматы ири курулуш компаниялардын бири кѳптѳгѳн жылдардан бери жогору жактагы таасирдүү мамлекеттик чиновниктердин колдоосу, калкалоосу менен мыйзамсыз, эч кандай уруксаты жок эле кѳп кабаттуу үйлѳрдү куруп, жарандарга сатып келаткандыгын аныктады. Мындай мыйзамсыз курулуш иштери аркылуу компания миңдеген жарандардын ден-соолуктарына, ѳмүрлѳрүнѳ коркунуч жаратып келаткан экен.
Адам ѳмүрлѳрүн тобокелдикке салып келаткан курулуш компаниясы кандай аталат? Ага «крыша» болуп, кызмат абалдарынан кыянат пайдаланып келатышкан аткаминерлер кимдер? Алар мындай «эмгеги» үчүн кандай акы алып турушкан? Бул жаатта да коррупциялык схема иштеп келгенби? Бул суроолорго жооп табуу Антикоррупциялык кызматтын милдети. Башкысы, күнѳѳлүүлѳр ѳз жазаларын алышып, курулуш тармагындагы «кимди ким кѳрдү, Быржыбайды там басты…» деген кѳрүнүштѳргѳ чекит коюлушу керек.
Булак: "Майдан. kg" гезити