Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

«Урматтуу кыргыз элим! Туптуура 4 ай, 14 күн мурун борбордук аянтта таңга маал «Садырды Президент кылабыз!» деп жарыялаган экем. Мен сөзүмө, убадама турдум! Рахмат элиме, рахмат силерге!» — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришүүсү үчүн ант берүү аземи өтөт. Ага 1500гө чукул конок чакырылган.

Булак: Маралфм