Бүгүн, 27-январда Ак үйдүн алдында өткөн митингде Садыр Жапаровдун ант берүү аземине экс-президент Сооронбай Жээнбековду киргизбөөнү талап кылышты.

Бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюшту.

“Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда 2 миңдей адам коронавирустан каза таап, дары-дармектер жетишсиз болгон. Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги каралыш керек. Ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга киргизбеш керек”,-деп билдиришти акциянын катышуучулары.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Булак: govori.tv