Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы отурумунда төраганын орун басарын шайлашат. Алгач депутаттар эсептөө комиссиясын түзүүгө макул болушту.
Вице-спикер болуучу талапкерлер — Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс»). Экөө тең оппозициядан.
Буга чейин вице-спикерлик кызматты Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») ээлеген. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырды.
Булак: Баракелде