Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 22-январда кабарлагандай, муниципалитет жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен маршруттук таксилердеги жол кире тарифин этабы менен көтөрүү маселесин талкуулады.

Мэриядан жүргүнчү ташуучу компаниялар тарифти 19-20 сомго чейин көтөрүү талабын койгонун белгилешти.

Мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда убакытка карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионер жана кичинекей балдар 8 сомдон төлөйт.

Мындан тышкары, борбор калаанын транспорттук системасында реформа жүргүзүү үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүлмөй болду

Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлбөбаев 19-январда маршруттук таксилердин иш таштаган айдоочулары менен жолуккан. Анда айдоочулар кызмат акысы жети жылдан бери өзгөрбөгөндүктөн, жүргүнчүлөр үчүн жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.

Балбак Түлөбаев жол акысы 15 сомго чейин көтөрүлөрүн, себеби айдоочулар «бардыгын түшүндүрүп», шаар башчысына акыны көтөрүш керектигин далилдеп беришкенин билдирген.

«Алар [айдоочулар] күйүүчү май, унаа тетиктери канчага кымбаттаганын жана башка көйгөйлөрдү санап беришти. Пенсионерлер менен мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифти калтыруу пландалууда», – деп түшүндүргөн Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп чыккандан кийин журналисттерге.

Анын айтымында, маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелет.

Бирок жүргүнчү ташуучу фирмалар транспорттогу шарттар жакшырарына кепилдик бербейт. Андан сырткары орундуктарга карап жүргүнчү алуу, унаанын ичи-тышын таза кармоо тууралуу сөз да болгон эмес.

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити