Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын арызынын негизинде 14-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Арыз ээлери Сегизбаев УКМКнын жетектеп турганда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевди «Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгын» айтышууда.

Тактап айтканда, “Белизгейт” деп аталган иши менен УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка  мыйзамсыз аракеттери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталгандыгын билдирди Башкы көзөмөл органы.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сегизбаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Башкы прокуратура буга чейин Сегизбаевди «Коррупцияга» айыптаган — ал жакын туугандары менен 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алууга шектелип жатат.

Айтор, бир кезде ушул мекемени башкарып турганда далай кыргыздын жигиттерин ак жерден камап, тагдырын талкалаган А. Сегизбаев өзү азыр алардын кейпин кийип, ал кездеги “патрону” Атамбаевдин камералашы болуп, тагдыры кылдын учунда турган кербези.

Булак: “Майдан. kg” гезити