«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган Улан Жураев 23-январда үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьялары чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна маалымдады.

10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен кылмышка байланыштуу шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылган. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта болчу.

Булак: Элгезит