Мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 26-январда Экономикалык кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына келди.

Ошондой эле мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да бүгүнкүгө суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Азырынча так себеби белгисиз. Бирок экөө тең вице-премьер-министр болуп турганда саламаттыкты сактоо тармагын жана коронавирус пандемиясына каршы даярдык көрүү иштерин көзөмөлдөгөн.

Булак: Баракелде