Президенттин басма сөз катчысы белгилегендей, иш-чарага КРнын мурдагы мамлекет башчылары жана президенттикке талапкерлер дагы чакырылган

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kgге мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.


- Садыр Жапаровдун инаугурациясына Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкөнүн мурунку жетекчилери чакырылган. Мындан тышкары, биз Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди чакырдык.


Эскерте кетсек, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы болот.

Булак: vesti.kg