“Икар” авиакомпаниясы аткарган Красноярск-Ош багытындагы каттамды Ош эл аралык аэропорту күтүп алды. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти.
Чартердик каттам жумасына 1 жолу, ишемби күнү учат.

