Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирет.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.
Элгезит