Экономика боюнча эксперт Сейдалы Мырзакматов коомдук унаалардын жол кире тарифин көтөрүү талабы боюнча пикирин жазды. Айтымында, жол кире көтөрүлсө, айлык акыларды да көтөрүүгө туура келет. 

"Коомдук транспорт, маршруткалар. Тарифти көтөрүү талабы, бул  - айдоочулардын, маршруттук линиялардын кожоюндарынын демилгеси. Буга эч ким каршы эмес. Алардын иши, укугу.

Мейли алар айткан тариф болсун. Эл макул болсо. Эң биринчи элден сураш керек го. Тарифти керектөөчүлөр (потребители)  аныкташ керек.Мэриянын, мэрдин позициясы түшүнүксүз. Мэр жана мэрия, чындыгында экөө бир эле, тагыраагы мэр эмне айтса ошол болот го. Маршрут баалары боюнча дароо эле макул дебей, башка жолдорун карап көрүш керек болчу.

Мисалы, ким он сомго же андан арзан тарифте иштейм десе, андайлар сөзсүз бар. Болгону мафия аларды ишке албайт. Ошолорго маршруттук линияны дароо берүү керек. Рынок шарттары менен иштөө керек. Ким чыдабаса, айла жок, башка ишке кетсин.

Ушундай шарттарга эч ким чыкпаса, анан тарифтерди кароо керек. Бир сомго көтөрсө болот, андан ашыгы өтө оор.

Эмне үчүн, эт, суу май кымбаттады, маршрут кымбаттабайт деген аргументтер көп. Аларга альтернатива бар. Айла жок эт ордуна башка тамак алат же азыраак алып калат. Эт сатуу көлөмү кескин азайды.

Эмне үчүн, автобус, троллейбустар санын көбөйтөбүз деп айтпайт. Автобус, троллейбус каттаган линияларда альтернатива бар. А жаңы конуштарчы. Аларга да альтернатива таап берүү керек. Бул тарифтер жаңы бийлик үчүн эң чоң сыноо болот ишке ашып калса. Элдин эң аялуу катмары пайдаланат бул кызматтан. Жаңы бийликти колдоп чыккандар да негизинен ушул категориядагы адамдар.

"Эффект лавины" деген бар. Бардык бюджеттегилер айлыкты көтөрүүнү талап кыла башташат. Анан баары менен алышып көр", - деп жазды.