УКМКгыг коррупцияга каршы кызматы тарабынан КР Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарбасы Департаментинин директорунун мыйзамсыз байыганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын алкагында, аталган Департаменттин директору "И.Ш.М." мыйзамсыз байыгандыгы тууралуу факты аныкталып, жыйынтыгында чогултулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Маалым болгондой, "И.Ш.М." мамлекеттик кызматтарда иштеген жылдарында кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алган, көп сандаган ири мүйүздүү малдуу болгон. Алардын наркы директордун расмий кирешесинен бир нече эсе көптүк кылат.
"И.Ш.М." кылмыш жасоо менен топтогон байлыктарын жашыруу максатында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн жакын туугандарына жана башка адамдарга каттаткан. Ал адардамдын мүлктөрдү каттатуу учурунда расмий кирешеси болгон эмес. Жалпысынан, директордун 3 особнягы жана автоунаалары болгон, ага дейре 1 особнякка жана Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү 20 чакты батирлерге ээлик кылган.
Андан тышкары анын жакын туугандары чет өлкөлөрдөгү куррорттук аймактарга байма бай барып турушкан.


