Бишкекте бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг болууда. Митингге чыккандар коронавирустан каза тапкан жарандардын жакындары жана алар министрликтин илдетке каршы аракетин начар болгондуктан жыйынтыгы ушундай кесепеттерге алып келди деп эсептешет. 

Ошондой эле, алар саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев дана башкы пульмонолог Талант Сооронбаевдин бейтаптарды дарылоо протоколун түзүүгө тиешеси болгондуктан, иштен кетүүсүн талап кылышты. Андан сырткары пандемия учурундагы ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү керектигин айтышты. Бүгүнкү күнгө чейин "Гансиде" канча адам көз жумганы тууралуу так маалымат жоктугун жана ал жакта шарт өтө начар экенин да белгилешти.