Ырчы Анжелика Кайратованын жана анын беш жаштагы кызынын абалы оор болуп жатканын Бишкек травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчыга кечээ, 24-январда операция жасалган. Жол кырсыгынан анын омуртка сөөгү жабыркаган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жана акыбалы оор.
Ал эми анын беш жаштагы кызынын жамбаш сөөктөрү сынган. Кызга бүгүн операция жасалат.
Эске салсак, ырчы кыздары менен Караколго бараткан жолдо, 23-январда жол кырсыгына учураган.