Жол кырсыкка кабылган Анжелика Кайратованын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда АКИpress агенттигине Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Ырчыга операция жасалды.
«Кечээ, 23-январда тез арада Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Ага операция жасалды, азыр абалы туруктуу», - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 23-январда Түп районунун Балбай айылындагы жол кырсыктан Анжелика жана анын 6 жаштагы кызы Айлин ооруканага жеткирилген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору билдиргендей, Анжелика омурткасынан жаракат алган. Ал эми Айлиндин эки буту сынган.
Булак: Баракелде