Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду, деп билдирди бүгүн, 22-январда АКИpress агенттигин күч органдарындагы өздүк булактары.
Алдын ала маалыматка караганда, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.
Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергейт.
Абдил Сегизбаев 2016-жылдан 2018-жылга чейин УКМКны жетектеген. 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 1,46% добушка ээ болгон.
Булак: Баракелде