Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Жапыкеев Сыймык Асылбековичке
Ачык кат
Урматтуу Сыймык Асылбекович, Тогуз-Торо районунун аймагында Кыргыз Республикасына эле эмес бүткүл дүйнөгө таанымал болгон Макмал алтын кени жайгашкан. Учурда ошол алтын кенди иштетип жаткан кытайлык “Макмал Голд Компани” ишканасынын ишмердигин текшерип жана келишимдерди аткарбай жаткандыгы үчүн чара колдонуп берүүңүздү суранабыз.
Аталган Макмал алтын кенин иштетүү боюнча 2019-жылдын 4-сентябрында Тогуз-Торо райондук администрациясы, райондогу 5 айыл өкмөт башчылары жана кытайлык “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы ортосунда Социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташуу боюнча башкы макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуунун шарттарына ылайык “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы өзүнө төмөндөгү милдеттерди алган:
Биринчи: Келишимдин 2.1.6- пунктунда “Өндүрүлгөн дүң продукциядан 2 пайыз өлчөмүндө кошумча акча каражатын жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдында уюшулган райондук өнүктүрүү фондуна ай сайын которуп турат” деп көрсөтүлгөн.
Бизге келген маалымат боюнча 2020-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин орто эсеп менен 150 килограммдан ашык алтын өндүрүлгөн:
1 килограмм алтын = 60 мин АКШ доллары;
150 килограмм * 60 мин АКШ долларына = 9 миллион АКШ доллар болот;
Алтын өндүрүлүп баштаган күндөн баштап, айына 180 мин АКШ долларын инфратүзүмдү өнүктүрүүгө которгондо, канча акча каражаты райондук фонддун эсебине, тактап айтканда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына түшмөк?
180 мин АКШ долларын сомго которгондо 15 миллион сом акча каражатын түзмөк. Демек 15 миллион сом акча каражаты кайда?
Экинчи: Келишимдин 2.1.9 пунктунун негизинде Алтын алуучу фабриканы ишке киргизгенге чейин 70% жумушчулар жергиликтүү тургундардан, алтын алуучу фабрика ишке киргизилгенден кийин жалпы жумушчулардын 90%дан кем эмеси жергиликтүү тургундардан алат деп көрсөтүлгөн.
Азыркы учурда “Макмал Голд Компани” ЖЧКсында эмгектенип жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандарынын саны канчаны түзөт жана жергиликтүү тургундардан иштеп аткандар канчасын түзөт, ошондой эле алар канча өлчөмдө эмгек акы алышат? Биздин маалыматыбыз боюнча жергиликтүү тургундардын эмкек акысы менен Кытай Эл Республикасынын жана айрым башкаруучу кызматчылардын эмгек акыларынын айырмасы чон, себеби эмне?
Белгилеп кетүүчү жагдай, Тогуз-Торо районунда Макмал алтын кенинде эмгектенип жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары документтерди алууда башка компанияларга катталып, бирок иш жүзүндө “Макмал Голд Компани” ЖЧКсында эмгектенип жүргөндүгү айтылууда.
Үчүнчү: Келишимдин 2.1.15- пунктуна ылайык “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы Тогуз-Торо районунун аймагында мал союучу жана этти кайра иштетүүчү заводду 2020-жылдын 01-сентябрына чейин куруп ишке киргизет деп көрсөтүлгөн.
Азыркы мезгилде эмне болуп жатат? Заводдун ордуна мал союучу цехти куруп беребиз деп алдап келе жатат. Малды Тогуз-торо районунун эли өздөрү эле союп ала алышат, сегиз чакырым алыстыкка алып барып келгенче өз үйлөрүндө сойгон артык. Эгерде ЭТТИ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДду курбаса мал союучу цехти куруунун кереги барбы?
Эмне себептен келишимде 2020-жылдын 01-сентябырына чейин деп көрсөтүлгөнүнө карабастан 2021-жыл келип калса дагы аткарылбай келет?
Келишимдин 2.1.16, 2.1.17, 2.1.18, 2.1.19 жана 2.1.20-пункттарынын аткарылышы тууралуу деги кабар барбы? 2.1.15 – пунктту аткара албаган ишкана кантип калган милдеттенмелерин аткарат деген суроо жаралат.
Төртүнчү: ЭҢ БАШКЫ МАСЕЛЕ БОЛУП БУЛ “КЫРГЫЗАЛТЫН” ААКы менен “МАНСОН ГРУПП” ЖЧКнын (Макмал Голд Компанинин ээси) ОРТОСУНДАГЫ БИРГЕЛЕШИП ИШ АЛЫП БАРУУ КЕЛИШИМИНИН ШАРТТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛГАН КҮНДӨН ТАРТЫП “МАНСОН ГРУПП” ЖЧКсы БИР ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТТҮН ИЧИНДЕ УСТАВДЫК КАПИТАЛГА, ТАКТАП АЙТКАНДА КОМПАНИЯНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНА 15 000 000 АКШ ДОЛЛАРЫН ИНВЕСТИЦИЯ КЫЛУУГА МИЛДЕТТЕНДИРИЛГЕН. БИРОК, БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ЭЧ КАНДАЙ АКЧА САЛЫМ КЫЛБАЙ ЭЛЕ ЭЛДИН БАЙЛЫГЫ БОЛГОН АЛТЫНДЫ ӨНДҮРҮП САТЫП, АЛТЫНДАН ТҮШКӨН АКЧА КАРАЖАТЫНА МАЛ СОЮУЧУ ЦЕХТИ САЛЫП БЕРИП КУТУЛУП КЕТКЕН АТАБЫ?
ЖОГОРУДАГЫ “КЫРГЫЗАЛТЫН” ААКЫ МЕНЕН “МАНСОН ГРУПП” ЖЧКНЫН ОРТОСУНДАГЫ КЕЛИШИМДЕ ЭГЕРДЕ, “МАНСОН ГРУПП” ЖЧКсы 1 ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТТӨ 15 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫН ИНВЕСТИЦИЯ КЫЛБАСА 5 000 000 АКШ ДОЛЛАРЫН АЙЫП КАТАРЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮСҮ МИЛДЕТТЕНДИРИЛГЕН, АНТКЕН МЕНЕН 5 000 000 ДОЛЛАР ЭМЕС 5 ТЫЙЫН ДАГЫ ТӨЛӨБӨЙ КЕЛЕТ.
Бешинчи:Жогорудагы бөлүмдүн пункттарын аткаруу боюнча “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы жыл сайын коомдук угууларды башкача айтканда Тогуз-Торо элине маалымат берип туруусу каралган, бирок элге эч кандай коомдук угуу откорулбой жана маалымат берилбей келе жатат.
АЛТЫНЧЫ:Келишимдин 3-бөлүмүнүн 3.1 пунктуна ылайык “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы Башкы макулдашуунун негизинде милдеттерин өз убактысында аткарбаса Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бир тараптуу Компаниянын ӨНДҮРҮШТҮК ИШ АРАКЕТИ ТОКТОТУЛАТ ДЕП КӨРСӨТҮЛГӨН, ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КОМПАНИЯ ӨЗҮНӨ ТИЙЕШЕЛҮҮ БИР ДАГЫ МИЛДЕТТЕМЕЛЕРДИ аткарбай жатса дагы келишим токтотулбай келет.
Аркарбек Мамытов