*Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо, татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды коротконуң жакшы. 

*Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар. 

*Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч качан жалган менен аяба. 

*Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес, татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт. 

*Аркаңа карап кылчайба. Ар убак алдыга жүр. Сага керек адамдар, өздөрү сени кууп жетет. 

*Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң - бул убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың. 

*Жубайлар бирине көз, бирине кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт. 

*Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган адамга  экинчи ок берүү менен барабар. 

*Жүз жолу жардам берсең да унутуп койушат. А бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою эстеп жүрүшөт. 

*Экөөңөрдүн таанышканыңарга бир жума, бир ай, бир жыл болобу, маанилүү эмес. Башкысы ал адамды сагынсаң, демек, сенин жүрөгүңдүн эшигин ача алды. 

*Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар, жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман көрүп, бирок жакшы көрүмүш болгон адамдар да бар. Мына ушундай адамдарды жек көрөм. 

*Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып, жомокко муктаж болушат. 

*Кудай бизге эки көздү көрүүгө, эки кулакты угууга, эки колду кармоого, эки бутту басууга берип, бирок эмнеге бир эле жүрөк берген? Себеби, экинчи жүрөктү биз издеп табуу үчүн, башка адамга берген экен. 

*Аялзаты кайсы бир куракта гүлдөйт деген түшүнүк туура эмес. Аялзаты кайсы бир эркек менен гана гүлдөйт. 

*Баткакка түшкөн алтын, баарибир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат. 

*Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз убагында гана болот.

(ФБдан алынды)