Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу талабын коюшкан. Ага мэрдин  транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынына чакырылып, бирок келбей койгону себеп болгон. 

Аталган комитеттин басма сөз кызматы бүгүн да маалымат таратып, анда мэр менен анын орун басары комитеттин жыйынынын чакыруусун бир нече жолу аткарбай койгонун белгилешкен. 

Маалыматта айтылгандай, аталган комитетке курулуш тармагынын ишкерлеринен көп даттануулар келет. Бүгүнкү күндө долбоорлоо жана курулуш иштерине уруксат берүүчү документтерге мамлекеттик органдар менен катар Бишкек мэриясынын да тиешеси бар. 

"Курулуш тармагында бир нече чечилбей келаткан маселелер бар, так ушул долбоорлоо жана курулуш жаатына уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча. Ага байланыштуу комитет күн тартибине курулуш тармагындагы маселелерди киргизип, курулуш пландарын ишке ашыруудагы керектүү документтерди алуу процедураларын оптимизациялаштыруу боюнча чараларды кабыл алууну ниеттенген. Бирок аны кароо муниципалитеттин өкүлдөрүнүн келбей койгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылды", - деп жазат басма сөз кызматы. 

Ошондуктан, транспорт комитети "Жергиликтүү бийлик жөнүндө" Мыйзамынын негизинде, мэрия шаардык кеңешке баш ийет, Жогорку Кеңеш жогорку мыйзам чыгаруу органы катары комитеттердин жана парламенттин жыйынына чакырып, тийиштүү маалыматтарды сурап жана мыйзамдарды аткаруусун талап кылууга укуктуу" экенин белгилейт. Андан тышкары комитеттин белгилөөсүндө "Жогорку Кеңеш айрым кызмат адамдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугу жөнүндө сунуштама берүүгө укуктуу".   

Эске салсак, 19-январда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди кызматтан бошотуу чечимин кабыл алып, өкмөткө сунуштама жиберген. 

Балбак Түлөбаев депутаттарга "мыйзамды окугула" деп жооп кайтарган.  "Мен эки мыйзамдын негизинде -"Борбор калаанын макамы жөнүндө" жана "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө" -иштейм. Чоң парламентке кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Мыйзам боюнча иштейли", - деген ал.