10-январда болуп өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин ичинен жетөөсүнө күрөөсү кайтарылып берилээрин БШК маалымдады.
Маалыматка караганда, талапкерлердин баары БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сомдон шайлоо күрөөсүн которгон. Ошондо, 21 талапкерден 21 миллион сом шайлоо күрөөсү эсепке түшкөн. Анын 3 миллион сому президенттикке талапкерликке каттоодон баш тарткан 3 адамга кайтарылып берилет. БШКнын депозит эсебиндеги калган 18 миллион сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн каражаттарынын 7 млн сому аларды төккөн президенттик кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш.
Мыйзам боюнча 1%дан көп добуш алган талапкерлер Садыр Жапаров, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров жана Бабур Төлбаевге 1 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана катышуудан баш тарткан талапкер Рашид Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 миллион сому бюджетке чегерилүүсү керек.