Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев коомчулукта талкууга алынып жаткан вакцина боюнча маселе көтөрдү. 

"Өкмөт атайын муздаткыч жок экенин айтып, айрым вакциналарды алуудан баш тартып жатканы айтылып жатат. Андыктан, тиешелүү министрлик коомчулукка ачык-айкын маалымат бериши керек. Бизге кандай вакцина керектигин далилдүү көрсөтүп бериши шарт", - деди депутат.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан Американын акысыз сунушталган  Pfizer вакцинасынан каржылык кыйынчылыкка байланыштуу баш тартканын билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, вакцина акысыз болгону менен аны алып келип, сактоо үчүн өзгөчө шарт, тагыраак айтканда -70 градуска чейинки температураны кармай турган атайын муздаткыч керек. А андай муздаткычтарды сатып алуу кымбат болгондуктан, Кыргызстандын бюджетинин дарамети жетпей турганын белгилешкен. Ошондуктан, өкмөт -18 градус температурада сактоого мүмкүн болгон россиялык вакцинага басым жасоого аргасыз болууда.