Бишкек-Москва абакаттамдарына болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир нече эсеге кымбат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.
Ал Бишкек-Москва жана Ош-Москва абакаттамдары ири коммерциялык долбоорго айланганын жана ал орусиялык авиакомпаниялардын пайдасына иштеп жатканын белгиледи.
Айтымында, Бишкектен жума сайын 40 каттам болот жана анын экөөсүн гана кыргыз компаниялары аткарат. Оштон 49 каттам болот, анын 38и орусиялык компанияларга таандык. Буга чейин белгисиз болгон көптөгөн авиакомпаниялар аз убакытта пайда болду.
"Кыргызстандын жарандары үчүн кымбат баадагы билеттер сатылып жатат. Ташкент-Москва багытындагы учакка билет баасы 23 миң сом, Алматы-Москва - 17 миң сом, Душанбе-Москва - 33 миң сом болсо, Бишкек-Москва үчүн билет 83 миң сом болууда. Ошондо, биздин жарандар эң байларбы?" - деди депутат.