Кечээ, 20-январда,  саат саат 22:01де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР  Сейсмология институтунан билдиришти.

Анда айтылгандай, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.