Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «Нават» чайканасынын ээлеринин бири Сергей Острецов кысым жасоо жана анын компанияларынын үлүштөрүнө ээ болуу максатында кармалганын жазып чыгышты. УКМК бул маалыматты четке какты.

«УКМК сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында күрөөкана иштетүү менен мыйзамсыз банк ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана 2009-жылдан ушул күнгө чейин ири суммадагы салыктан качуу факттарын тергеп жатат. Күрөөканалардан келип түшкөн кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу иштерине катышкан адамдарды текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын ысымдары тергөөнүн соңуна чейин айтылбайт», - деп айтылат маалыматта.

Сергей Острецов — «Нават» чайканасынын каржы директору. «РосФинансКредит» микрокредиттик компаниясынын, «Roslogist» («Рослогист») ЖЧКнын, «Атамикс Трейд» ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Булак: Баракелде