Жыйындын күн тартиби (өзгөрүү болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Жапаров А.У., Масабиров Т.А., Райымкулов Б.К., Самигуллина А.Э., Тулендыбаев П.Р., Турусбеков Б.С.);

3. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

4. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

5. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

6. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

7. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

8. «Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет, демилгечи – өкмөт);

9. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет, демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.).

Булак: Баракелде