Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыӊдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу көчтүрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев аталган Протоколго ылайык Биргелешкен контролдук топтогу (БКТ) Биргелешкен тараптын делегациясынын иштөө жана маалымат алмашуу тартиби жөнүндө жобого мамлекеттин БКТда Биргелешкен тараптын төрага-мамлекети катары ыйгарым укуктары, төрагалыктын мөөнөтү, төрагалыкты өткөрүп берүү тартиби, ошондой эле БКТнын сессиясын өткөрүү мезгили боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралганын билдирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.