Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевдин маселесин карап, аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алышты. Комитеттин чечими эми пленардык жыйынга коюлат, андан ары токтом кабыл алынып, андан кийин гана чечим күчүнө кирет. 

Эске салсак, Камил Осмоналиев "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча УКМК тарабынан кармалган. Судьянын айлык маянасынан башка киреше булактары жок болсо да, Ысык-Көлдөгү белгилүү пансионаттагы коттедждерин, соода борборлорундагы объектилерин жана кымбат баадагы автоунааларын башка адамдарга каттатып койгонун атайын кызмат таап чыккан.