Бүгүн, 20-январда Бишкекте атамекендик  көмүр өндүрүшүнүн абалы жана аны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн камтыган маселе көтөрүлгөн кеңешме болуп өттү. Ошондой эле,  2018-2020-жыл аралыгындагы көмүр өндүрүү жана экспорттоо боюнча маалымат айтылды. 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети  Бишкек ЖЭБине  ташылып жаткан жергиликтүү көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү үчүн Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүүгө аракеттер болуп жатканын билдирди. Андан сырткары  Кытайга, Тажикстанга көмүр экспорттоону  калыбына келтирүү жана  өлкөнүн түштүгүндөгү цемент чыгаруучу ишканаларга көмүр ташуу көлөмүн көбөйтүү пландары да каралган.

Ошондой эле, аталган комитет 2019-жылы көмүр кендерине 187 лицензия берилип,  анын 114ү иштеп жатса, 71 лицензия – долбоорлоо баскычында экенин ачыктады. 

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр өндүрүшүнүн абалын жакшыртууга боюнча сунуштарды, тапшырмаларды берди.

Кеңешмеде белгилүү болгондой, 2018-жылы 71 лицензия ээси келишимдин шарттарын аткарган эмес. 600 миң тоннадан ашуун көмүр казылбай калган. Кыргызстанда учурда болжол менен эсептегенде 6 миллиард тоннадан ашуун запасы бар 70 көмүр кени турат. Ал эми  көмүр өнөр жай корун өздөштүрүү деңгээли 0,13 пайызды түзөт.