Жогорку Кеңештин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулук маселеси каралды. ИИМдин өкүлүнүн айтымында, 2020-жылы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 9 миң 25 факты каттоого алынган. Бирок анын 947си гана сотко кароого жөнөтүлгөн. 

"Жалпы катталган фактынын 10 пайызы гана сотко жетип жатат. 10 пайызы гана жоопкерчиликке тартылды", - деди ал. 

Айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө турмуштук реалдуу фактор таасир берүүдө. ИИМ органдарына бул маселе боюнча кайрылган жарандардын арызы дароо кабыл алынып, териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлөт. Бирок арыз жазгандардын баары эле зомбулукка барган жарандын жазаланышына кызыкдар боло беришпейт. 

"Бүгүн ачуусу менен арыз жазып алып, эртең кайра келип тосмо арыз жазгандар көп", - деди ИИМдин өкүлү.