Депутат Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мигранттардын массалык кайтып келишинен улам өлкөнү каптаган жумушсуздукту чечүү маселесин көтөрдү. Ал өкмөттүн алдында маанилүү маселе - кыргызстандыктардын кайра Россияга кайтып баруусуна шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. 

"Москванын мэри Собянин айтып жатат: "Жумуш орундары бош, жумуш күчү жетишпей жатат",- деп. А биз пандемия маалында бир нече миңдеген мигранттарыбызды алып келдик. Эми алар кайра кете албай жүрүшөт. Анткени авиакаттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Жумасына эки жолу каттам жасатып коюу жетиштүү десек жаңылабыз. Жумушсуздук күч, анын айынан уурулук да күч алды. Анан эмне кылышат, жумуш болбосо, акча болбосо, ачка калышса уурулук кылышат да. Ошондуктан, өкмөт кечиктирилгис чара көрүп, балдарды Россияга жеткириши керек. Керек болсо вагон-вагонго салып жеткирип келели. Жол киресин да кийин кайтаргыдай кылып төлөп берели. Союз убагында эшелон менен орустарга жардам бербедик беле. Ошону кайтара турган учур келди. Өкмөт тез арада чара көрсүн", - деди дайыма уникалдуу сунуштары менен айырмаланган депутат. 

Депутат Аида Касымалиева да мигранттардан кайрылуулар түшүп жатканын, өкмөткө протокол түзүлөөрүн белгиледи.