Кыргызстандын Американын коронавируска каршы бериле  турган Pfizer вакцинасынан баш тартып жатканынын себеби -каржылык кыйынчылык. Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  билдирди. 

Министр вакциналар боюнча Глобалдык альянс каражаты жок өлкөлөргө дары-дармектерди акысыз берээрин белгиледи. Андан улам Кыргызстанга  да 1 млн 200 дозадагы  Pfizer вакцинасын бекер берүүгө даяр. 

Бирок маселе ушуну менен эле чечилип калбайт... 

"Вакцина -70 градустагы температурада сакталышы шарт. Ал үчүн алып келгенге жана жарандарды эмдөөдөн өткөргүчө атайын муздаткычтар керектелет. А бизде андай муздаткычтар жок. Аны алуу үчүн кеминде 2 миллион доллар керектелет. Бюджетте болсо мынча каражат жок. Анткен менен учурда Россиянын өкмөтү менен сүйлошүүлөрдү жүргүзүлүп жатабыз. Алардын вакциналары -2...-18 градус температурада сакталат, ошондуктан Россиядан алуу бизге жеңил. Ал жактан 500 миң доза вакцинанын келиши күтүлүп жатат", - дейт министр. 

Эске салсак, акыркы убакта коомчулукта Кыргызстандын акысыз вакцинадан баш тартып, Россиядан акылуу вакцияна алууга умтулуп жатышканын сындагандар көп болууда.