Бүгүн, 20-январга караган түнү узакка созулган оорудан улам Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Ешмамбетов каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Радбек Ешмамбетов быйыл 72 жашка толмок.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси жана башка жетектөөчү кызматтарда эмгектенген.

Булак: Баракелде