Кыргызстанда болжолдуу түрдө 6,4 млрд тоннадан ашуун көмүрдүн запасы бар, 70 көмүр кени иштейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров өткөргөн жыйында айтылды.

Бүгүн Өкмөт көмүр тармагынын абалын талкуулады.

-Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде – 5,2 млрд тонна көмүр бар;

-Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендериндеги көмүр – 1,08 млрд тонна;

— Туюк-Каргаша көмүр кенинде 119,6 млн тонна көмүр бар.

Учурда көмүрдүн өнөр-жай запасын өздөштүрүү деңгээли 0,13 %ды түзөт.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 22-майына карата көмүр кендерине 187 лицензия берилген. Анын ичинде 114 лицензия иштетүүгө берилген, 71 лицензия – долбоорлоо баскычында.

2018-жылы 71 лицензия ээси келишимдин шарттарын аткарган эмес. Тагыраагы, аталган жылы 606,9 миң тонна, 2019-жылы 937,5 миң тонна көмүр казылбай калган.

Булак: Маралфм