Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык, россиялык, украиналык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 6 шектүүнү кармады.
Хаберлер (Haberler.com) басылмасы билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чет өлкөлүк кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап жатышкандыгы тууралуу маалымат алышкан.
Полиция кызматкерлери шектүүлөрдүн артынан 4 ай аңдып, кыздарды сабап, интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап жатышканын аныкташкан.
Шектүүлөр кармалып, кыздарды иммиграция кызматына өткөрүп беришти.
Булак: Баракелде