Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ААК 2021-жылдын 20 январынан баштап жумасына 7 жолуга чейин авиакаттамдардын санын көбөйтүүдө. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Каттамдар Turkish Airlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Буга чейин авиакомпания бул каттам боюнча жумасына 5 жолу аткарган.