Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев жана анын курулуш тармагы боюнча орун басарын кызматтан кетирүү керек деп чечишти. Бул тууралуу  транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Аталган комитеттин бүгүнкү жыйынына Түлөбаев чакырылган болчу, бирок ал белгисиз себептерден улам келген жок. Ал кылганын депутаттар "бизди тоготпой жатат" деп кабыл алышты. 

Депутат Рыскелди Момбеков аны "саботаж" деп белгиледи. 

«Эмне үчүн мэриядан бир дагы аткаминер келген жок? Себеби муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери түрмөдө отурушат. Төрт шаар мэрине курулуш тармагындагы мыйзам бузуулардан улам айып тагылды», – деди ал.

Комитет көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу боюнча сунушту өкмөткө жөнөттү.