Исфана шаарындагы Исхак Разаков атындагы абамайданга ушул жылдын 18-январында Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы боюнча биринчи учак конду. Бишкектен 81 жүргүнчү, а Исфанадан Бишкекти көздөй 105 жүргүнчү келген. Бул тууралуу "Манас Эл аралык аэропорту" компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

"Бүгүн кубанычтуу күн, Бишкектен эң алыскы аймак болгон Лейлек районуна аба каттамы жанданды. Бул кыргызстандыктардын жол түйшүгүн азайтат. Ремонт иштери толугу менен аяктап, абамайдан тийиштүү сертификациядан өттү", - деди "МАМ" ААКсынын башкы директорунун орун басары Абдумалик Бусурманкулов. 

Өз кезегинде Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов ыраазычылык билдирди. 

"Исфана шаарындагы абамайдан бир нече жылга созулган оңдоп-түзөөдөн кийин кайра иштеп баштады. Биздин жашоочулар бул күндү күтүшкөн, анткени бир саат 15 мүнөттө борбор калаага оңой-олтоң жетип алууга болот", - деди аким.  

"Бишкек-Исфана-Бишкек" үзгүлтүксүз авиакаттамы Tez Jet авиакомпаниясы тарабынан аткарылат, каттам бир жумада бир жолу - дүйшөмбү күндөрү болот. 

Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөт. 

Бишкектен учуу - 11.00;

Исфанага жетүү - 12.15;

Исфанадан учуу- 13.05;

Бишкекке келүү -14.20;