Январь айынын ортосунан бери эстрада ырчысы Самара Каримованын чуусу түгөнбөй келатат. Ырчы Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлугуна кайрадан маданият министринин буйругу менен дайындалганы маалым болгон. Аталган окуу жайдын мугалимдеринин айтымында, эмгек жамаат бул тууралуу 15-январда, Самара Каримова күйөөсү менен чогуу окуу жайга барганда билишкен.
Буга чейин мугалимдер "алар педогогикалык совет өткөрүп жатканда жаңы дайындалган директор күйөөсү менен келгенин, мугалимдер ага музыкалык билими болбогондон кийин бул окуу жайга көз артпай эле, ырын ырдап жүрө беришин эскертишкенин, бирок ага Каримова макул болбогонун" айтышкан. Бул ызы-чуу соцтармактарга жарыяланып, заматта жалпы өлкөгө белгилүү болду.
Окуу жайдын мугалимдери ырчынын директор болуусун каалашпайт. 2018-жылы да Самара Каримова ушул окуу жайга директор болуп дайындалып, бирок эмгек жамааттын катуу каршылыгынан улам ошол кездеги маданият министри Азамат Жамангуловдун буйругу менен кайра кызматтан алынган. Ал эки жыл мурунку буйрукка 2020-жылдын декабрь айында сотко доо арыз жазып, 14-январда сот анын арызын канааттандырган чечим чыгарган. 15-январь күнү маданият министри Нуржигит Кадырбеков тийиштүү буйрукка кол койгон. А бирок мугалимдердин айтымында, Каримова күйөөсү менен окуу жайга 14-январда, министрдин буйругу чыга электе эле келген.
Ырчыны эмгек жамааттын каршы болуп жатканы кайгырткан жок. Ал милиция кызматкерлерине кайрылып, окуу жайга киргизбей жатышканына даттанган. Эки күн мурда милиция кызматкерлери окуу жайга келип кетишкен.
А бүгүн ырчы дагы милиция кызматкерлеринин коштоосунда кечке маал окуу жайга келген. Кароолчуну "мен мыйзамдуу директормун, каалаган учурумда келем", - деп жатып эшикти ачтырып, андан кийин кулптарды алмаштырып кеткен.