Президенттин аппаратынын алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы Маданият министрлигинин ырчы Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу боюнча сунушуна жооп берди.
Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганда, кызматтык абалын же кызматтык абалы берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу сыяктуу кылмыштар жасалса, мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдар сот тарабынан кошумча жаза катары алынат. Буга байланыштуу аталган маселе Президенттин аппаратынын компетенциясына кирбейт», - деп айтылат комиссиянын жообунда.
Тиешелүү жооп Маданият, маалымат жана туризм министрлигине да жөнөтүлгөн.
Булак: Баракелде